Менчикке берилип кеткен Кочкордогу мектептин от жагуучу жайы кайра мамлекетке алынды

Кочкор айылында жайгашкан Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептин менчикке берилип кеткен от жагуучу жайынын имараты жана ага тиешелүү жер участогу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.Э. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулган. Иш Кочкор райондук сотунун кароосуна жиберилип, соттун токтому менен Кочкор айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы күнөөлүү деп табылган.
Мындан сырткары райондук прокуратура тарабынан сот органдарына киргизилген доо арыздар соттук териштирүүнүн жыйынтыгы менен канааттандырылып, Кочкор айыл өкмөтүнүн буйруктары жараксыз деп табылды.
Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 миллион 750 миң сомду түзгөн мектепке тиешелүү имарат жана 1946 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан