Сузакта 60тагы кишинин 12 баш малы уурдалып, өзү өлтүрүлгөн. Милиция билдирүү жасады 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда малын уурдап, ээсин өлтүргөнгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-апрель күнү саат 19:30 чамасында милицияга Таш-Булак айыл аймагынын тургуну Р.Б. байланышка чыккан. Анда ал Таш-Булак айыл аймагынын Эшме айылында 60 жаштагы Г.И. аттуу жарандын каза болуп калгандыгын билдирген.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө каза болуп калган 1963-жылы туулган Г.Инин жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган жана анын денесинин баш сөөгү сынган абалда экендиги аныкталган. Ал эми окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда И.Г. жашап турган бөлмөсүндөгү бөлмөнү жылытуу үчүн курулган мештин (печка) кыр бөлүгүндө канга окшош суюктуктун жана адамдын чачынын сүрүлүп жабышып калган издери алынган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши башталган.

Алынган жана чогултулган ыкчам маалыматтардын негизинде кылмышка шектүү катары 1968-жылы туулган Сузак районунун тургуну И.Б. кармалып, тергөө кызматына камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: 15-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында шектүү жаран Эшме айылында мал издеп жүрүп, каза болгон Г.И. менен сөз талаша кетип колундагы камчысы менен баш тарабына уруп жибергендиги, жабырлануучу эс-учун жоготкондо анын короосунда жүргөн 12 баш малды көрүп, малын уурдап айдап кеткендиги, ошондой эле шектүүнүн буга чейин бир нече жолу мал уурулук фактылары менен соттолгондугу такталган.

Сузак райондук соту тарабынан шектүү И.Бнын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Ал эми мал боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө катыштыгы бар делген адамдардын баары Сузак РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Видео: Жалал-Абад ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан