12 жаштагы Салима Султан көркөм гимнастика боюнча Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Италияда 12 жашар кыргызстандык спортчу көркөм гимнастика боюнча Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, кыргызстандык жаш спортчу кыз Салима Султан Италияда өткөн көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Ага ылайык, мелдештер 27-апрелде Италиянын борбору Рим шаарында өттү. Анда Салима Султан (2012-жылы туулган) 20дан ашык спортчуну артка калтырып алтын медалды багындырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан