Бишкекте унаа уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-апрелде милицияга Х.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 27-апрель күнү Аламүдүн-1 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесине (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1992-жылы туулган К.И. аттуу жаран кармалган. Милиция ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.