Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекованы апрель айынын мыкты балбаны деп тапты.
"Тыныбекова Сакура Мотокиге үстөмдүк кылууну улантып, анын контрчабуулдарын эффективдүү пайдаланып, Азия чемпиондкгунун финалында аны 9:6 эсебинде жеңди", - деп жазды UWW.
Тыныбековадан тышкары эркин күрөш боюнча азербайжандык Гаджи Алиев, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондугунун финалында Акжол Махмудовду уткан япониялык Нао Кусака апрель айынын мыкты балбандары болушту.