Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде Свердлов РИИБине Б.З. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү кичи автобуста баратканда жашы жете элек кызынын чөнтөгүнөн iPhone XR үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кеткенин бидирген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда.