Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 2 миң окуучу "Манас" айтты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, Чолпон-Ата шаарынын "Рух ордо" маданий комплексинде "Урааным Манас" аталышындагы республикалык кароо-сынагынын алкагында эки миңдей окуучу "Манас" айтты.
Ага ылайык, аталган сынак улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында өткөрүлүүдө.
Буга чейин мындай аталыштагы сынак Ош, Талас шаарларында да өткөрүлдү.