Ысык-Ата районунда пикир келишпестиктен улам таанышын бычактап салды. Бычакталган адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-майда Чүй ОИИББиден тастыкташты.
Маалымдалгандай, 26-апрелде саат 22:00 чамасында Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылында спирт ичимдигин ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам 1970-жылы туулган У.М. аттуу жаран 1974-жылы туулган И.Ч. аттуу жаранды бычак менен бир нече жолу жаракаттап, ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканада каза болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-бөлүмү боюнча (өлүмгө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон.
"Аталган кылмышка шектүү катары 1970-жылы туулган У.М. аттуу жаран Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кылмыш болгон жерде кылмыш куралы табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.