Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрь күнү саат 20:30дар чамасында жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 42 жаштагы Нуржамалдын башкаруусундагы Лексус RX300 үлгүсүндөгү унаасы 28 жаштагы Роландын башкаруусундагы Мерседес 208 унаасын сүзүп алган. Анын кесепетинен кичи автобустун айдоочусу жана 5 жүргүнчүсү жабыркаган. Учурда материалдар топтолуп, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.