Биз социалдык тармакта

Милиция семичкенин баштыгына салынган кара куурай боюнча иликтөө иштерин баштады (видео)

Жаран семичканын баштыгына салынган кара куурайды өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 30-апрелде милицияга 1995-жылы туулган жаран өз ыктыяры менен 11 даана белгисиз өсүмдүктүн уругун өткөрүп берген. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 11:00 чамасында бир жаран Бириккен Араб Эмираттарынан досу тосуп аларын айтып, ага семичканын баштыгына салынган жөнөтмө (посылка) берип, ала кетүүсүн суранган.
"Териштирүүнүн жыйынтыгында бул ишке Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, 1983-жылы туулган А.А. аттуу жаран шектүү катары аныкталган. Ал сурак берүү учурунда чет өлкөдө мигрант болуп эмгектенген классташына жиберүү үчүн 11 даана кара куурай уругун 2 жума мурун социалдык тармактар аркылуу сатып алганын айткан. Ошондой эле товарды жашыруу максатында семичканын баштыгына салып бергенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми алынган затты аныктоо үчүн атайын соттук химиялык-экспертиза дайындалган.
Учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
02.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан