
Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров Өзбекстандын президенти
Шавкат Мирзийоев менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жогорулатуу, тагыраагы, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.
Ошондой эле энергетика, транспорт, логистика тармактарында, маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу маселелери сүйлөшүлдү.
"Өзгөчө Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү трансконтиненталдык мааниге ээ Чыгыш менен Батышты бириктире турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу, ошондой эле “Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу дагы бир перспективдүү долбоор катары Чаткал дарыясына эки ГЭСтин курулушу боюнча сүйлөшүү орун алды", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жолугушуу Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун алкагында өткөрүлдү.