Сузакта "Манас" айтып жаткан 29 баланы Hyundai Porter унаасы сүзүп кетти

Бүгүн, 2-майда болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды Hyundai Porter авто унаасы сүзүп кетип, 29 бала жаабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

"Манас" айтып жаткан окуучулардын жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен үч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткырылды. Алардын абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан