"Сулууларга суктанууга акым бар" деп созолонткон ырчы Кубаныч Ажыбаев 43 жашка толду

Бүгүн, 3-майда ырчы Кубаныч Ажыбаев туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 43 жашка чыкты. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, маанайы жакшы экенин жана жубайы спорттук кийим белек кылганын айтты.

"Өздүк майрамымды эң биринчилерден болуп жубайым куттуктады. Ошондой эле медиалардан чалып куттуктагандар да болду. Мындан тышкары туугандарым, досторум, жакындарым, күйөрмандарым тарабынан каалоо-тилектер айтылып жатат. Баарына рахмат айтам.

Азыр жолдомун, айылга кетип бара жатам. Жыл сайын 3-4-май күндөрү биздин айылдын күнү өтөт. Анда айылдагы фонддун отчётун угабыз, ошондой эле туризм боюнча жолдор ачылып, майрам болот. Акыркы жылдары туулган күнүм айылда өтүп калды", - деди ырчы.

Кубаныч Ажыбаев 1981-жылы 3-майда Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. 4-классынан тарта комуз менен ырдап, дастан айтып кароо-сынактарга катышып, байгелерди жеңип жүргөн. 2002-жылы Бишкекке келип Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүнө тапшырган.

"Мени чоң энем өтө эркелетип өстүрдү. Тентектик кылып, күнөө менден кетсе да мага болуша берчү. Өзү да айылдагы кемпирлердин атаманы эле. Бала кезимден кыздарга жакын болуп өстүм. Айрыкча жанымда отурган Гүлзат деген кызга тийишип, аны көп ыйлатар элем. Анын апасы мектепте пол жууп иштечү, кызына болушуп мени тилдеп тажаганда чоң энеме арызданып келсе, "күнөөнүн баары сенин кызыңда" деп чоң энем өзүн урушкан", - деген ал балалыгы тууралуу маектеринин биринде.

2005-жылы ырчы Бактыгүл аттуу айымга баш кошуп, учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Ырчы мырзанын репертуарында "Неге сени сүйдүм, ай?", "Атасынын баласы", "Сулууларга суктанууга акым бар" аттуу белгилүү ырлары бар.

3-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан