Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, жылдыздуу эстрада ырчысы Салима Балтаева 50 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкканда маанайы эң сонун экенин билбирди.
"Маанайым сонун. Түндө саат 12де досторум туулган күнүмдү куттуктап келишти. Негизи мен туулган күнгө өтө деле маани бербейм, бирок куттуктоолор, белектер көп эле болот", - деди ал.
Ошондой эле ырчы айымдын эсинде калган туулган күнү бала кезинде болгонун кошумчалады.
"Менин эң эсимде калган туулган күнүм мектепте окуп жаткан кезде болгон эле. Бүгүн менин туулган күнүм деп жүргөм. Анан эжем кир жууйлу деп суу ысытып коюптур, мен эжеме "бүгүн менин туулган күнүм да" десем, эч нерсе болбойт туулган күндө деле кир жууйт деп кир жуудуруп койгон (күлүп). Ошол туулган күнүм эсимде калыптыр. Азыркы күнгө чейин туулган күнүмдө кир жуудуруп койгонсуз деп эжеме айтып калам.
Салима Балтаева 1974-жылы 3-майда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Атасы совхоздун бригадири, апасы анын жардамчысы болгон. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси.
Мектепти аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл Опера-балет театрында, 5 жыл консерваторияда билим алган. Андан кийин 2 жыл консерваториянын аспирантурасында окуган. Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган. 2007-жылдан бери “Достор” тобунда ырдап келет.
Анын репертуарында "Биздин айыл", "Көктөм эле", "Биз экөөбүз", "Балама" жана башка ырлары бар.
Белгилей кетсек, ырчы айым 29 жашында Мамат аттуу мырзага турмушка чыгып, Сайкал, Сумая жана Сабина аттуу кыздарды тарбиялап келишет.