Бразилиянын түштүгүндөгү суу каптоодон кеминде 29 адам каза болуп, 60 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы күндөрү Рио-Гранде-ду-Сул штатында жааган нөшөрлүү жамгырдан улам дарыялар ташкындап, шаарларды суу каптаган. Мындан улам 10 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Аталган штаттын Канудос-ду-Вале шаары электр жарыгы жана байланышы жок калган. Ал эми Канделария шаарында тургундар суу каптаган үйлөрдүн чатырларында куткаруучу тик учактарды күтүшүүдө.