Борбордук Азиядагы ишкерлер, бизнес ээлери, маркетологдор, бизнести иштеп чыгуучулар, жаратуучулар жана таасир этүүчүлөр үчүн негизги иш-чара болгон Jolbors Business Summit ийгиликтүү аяктады. Саммитте эл аралык эксперттер жана жергиликтүү ишкерлер ар кайсы рыноктордо ийгиликтерди, кемчиликтерди жана кыйынчылыктарды жеңүү боюнча өз ойлорун ортого салышты. Иш-чарага Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Грузиядан келген коноктор катышты.
Саммитте эл аралык жана Борбордук Азиянын активдүү ишкерлери, ошондой эле Борбордук Азияда, эл аралык рыноктордо да бизнести түзүү жана өнүктүрүү боюнча баалуу идеялары жана практикалык кеңештери менен бөлүшүп келген эксперттер менен баяндамачылар болду. Анда ченемдик-укуктук кыйынчылыктарды жеңүүдөн баштап, маданий сезимталдыкты кабыл алууга чейинки темалар орун алды.
Аталган саммитти Jolbors компаниясынын үч негиздөөчүлөрү – Сабина Рейнгольд, Дарья Суходолова, Яна Дремина уюштурган. Ташкентте өткөн бул иш-чаранын пиар-өнөктөшү "Мост" агенттиги болду.
"Биз Ташкентте мындай динамикалуу жана мазмундуу иш-чараны уюштура алганыбызга абдан кубанычтабыз. Иш-чара Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн келген ишкерлерди, маркетологдорду жана ойчул лидерлерди бириктирди. Саммитке катышкандардын бардыгына өзгөчө сыймыктануу менен ыраазычылык билдиребиз. Башкы өнөктөш Click ошондой эле Kapitalbank, Coca Cola жана биздин башка өнөктөштөрдүн жардамы менен биз ушундай масштабдагы, жогорку деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө жетише алдык. Мындагы саммиттин баяндамачылары бөлүшкөн ар кандай пикирлер жана тажрыйбалар катышуучуларды шыктандырып, бизнести өнүктүрүү үчүн түшүнүктөрдү ачканын так билебиз", - дейт Сабина Рейнгольд.
Презентациянын ар кандай форматтары, тагыраагы, панелдик дискуссиялар, формалдуу эмес баарлашуулар, жеке жана айкалышкан баяндамалар сыяктуулар темалардын кеңири спектрин чагылдырууга мүмкүндүк берди. Алардын арасында рынок тенденциялары, маркетинг стратегиялары (мүчүлүштүктөр жана ийгиликтер), реалдуу маалыматтарга негизделген ишенимдүү кейстер, финансылык менеджмент жана Борбордук Азиядагы бизнестин келечеги бар.
Мисалы, Jolbors менен We digital санарип агенттигинин биргелешкен панелдик талкуусу “Эффективдүү бизнестин конкреттүү көрсөткүчтөрү иштеши үчүн эмне кылуу керек?” деген темага арналды. Кызуу менен коштолгон талкууга маркетинг өкүлдөрү, таасир берүүчүлөр (инфлюэнсер) өзүлөрү да катышты:
1. Азам Кахрамоний – "Teacher Azam" долбоорунун негиздөөчүсү,
2. Шариф Абдуллаев @konsta – музыкант, продюсер жана инфлюенсер,
3. Адилет Ногоибаев – инфлюенсер, Кыргызстан,
4. Нодира Шерматова – TBC Uz (Payme, TBC Bank) маркетинги боючна ACIM директору,
5. Малик Каримов – Korzinka.Uz маркетинги боюнча директору.
Ал эми модератор инфлюенсер жана маркетолог Ферузхан Якубходжаев болгон.
Талаш-тартышта инфлюенсер, маркетолог дагы кызматташууну баштоодон мурун: "Бул / мен билбордбу же адамбы?" деген суроону бериши керек деген чындык пайда болду. Мындан тышкары потенциалдуу камтуу (охват) көрсөткүчтөрүнүн негизинде гана эмес, этикалык ой-пикирлер боюнча чечим кабыл алуу керектиги айтылды.
Саммиттин спикери, CEO Haraba (2022-жылы Авито сатып алган) жана Forbes 30u30дун негиздөөчүсү: "Бизнестеги негизги чектөө - бул сиз. Канчалык тез өссөңүз, бизнес ошончолук тез өнүгөт" деди ал өз сөзүндө.
Катышуучулардын көбү бул сөзгө таң калышып, өзгөчө баа беришти. Саммитте сапаттуу жана ыңгайлуу тармактык байланыш үчүн атайын иш-чаралар да уюштурулган. Мындан улам катышуучулардын көбү Өзбекстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен кызматташуу, өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жетишти.
“Азыраак коркуу, көбүрөөк сүйүү” деген спикерлердин бири, Оlolo компаниялар тобунун негиздөөчүсү жана бизнес-дирижеру Данияр Аманалиев өз бизнесиңде сүйүү деген түшүнүктү кармануу маанилүү экенин белгиледи. Айтымында, адамдын ичиндеги умтулуу пайда болгондо көбүрөөк каражат салып, күч-кубатка ээ болот. Ал эми күч болсо ишкердин жолунда сөзсүз болгон тажрыйбаларды жана кемчиликтерди жеңүү үчүн керек.
Мындан тышкары Аманалиев маанилүү пункттарды да атады:
● Кызыкдар болуу, жаңы нерселерди сынап көрүү, ийгиликсиздиктин ылдамдыгын жогорулатуу;
● корпоративдик маданиятты өнүктүрүү: Бакытка ээ болгондор бөлүшөт;
● Өз үйүрүңүздү өнүктүрүңүз – human2human бизнеси;
● коомчулукту модерациялоо;
● адамдарды жана компанияларды байланыштыруу бизнести өнүктүрүүдө маанилүү болуп саналат.
"Жолборс – бул мазмунуна гана эмес, профессионалдык байланыштарды түзүүгө ыңгайлуу болгон өзгөчө атмосферага өзгөчө көңүл бурган иш-чара. Долбоорду иштеп чыгуунун жылдарында биз Борбордук Азиянын креативдүү жана маркетинг тармагын өнүктүрүүгө гана жетишпестен, ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосунда кызыктуу, биргелешкен долбоорлор жана кызматташуулар пайда болгон аянтчага айландык. Жолборс бизнес саммитинде биз ишкерлердин аудиториясын өлкөлөр менен тармактардын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү жана бизнесте чыныгы секирик үчүн синергетикага жетишүү максатында тарттык", - деп кошумчалады Сабина Рейнгольд.
Ошентип, Борбордук Азиянын активдүү ишкерлеринин жана маркетологдорунун коомчулугун – Jolbors Business Summitин түзүүгө старт берилди.
Саммит кандай деңгээлде өткөнүн жана дагы качан болору тууралуу маалыматты https://www.jolborssummit.com/ сайтынан жана Instagram социалдык тармагынан https://www.instagram.com/jolbors.festival/ ала аласыз.
Эске салсак, Jolbors Business Summit - бул Борбордук Азиядагы маркетологдордун, жарнамачылардын жана жаратуучулар коомчулугун 13 жылдан бери бириктирип келе жаткан жана аны өнүктүрүүнү улантып, адистердин тажрыйбасын өстүрүүгө жана биргелешип тармакты түзүүгө жардам берген "Jolbors" долбоорунун иш-чарасы. Өнүгүү жылдарында аталган долбоор тармактагы негизги жана эң маанилүү окуя болуп калды.
NPS боюнча канааттануунун деңгээли 92 пайыз, ал эми уюмдардын катышуучуларынын деңгээли 85 пайызды түзөт.