Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отуруму тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун тар курамдагы жолугушуусу болуп, анын күн тартибине кирген кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды.
Андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланды.
Өкмөт башчы Жапаров 2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы белгиленген кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жыйынтыгын канааттануу менен белгиледи.
“Биз, сиз экөөбүз, достук жана жакшы коңшулук, өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүк жана колдоо маанайында кыргыз-өзбек мамилелеринин ар тараптуу өнүгүүсүнүн өтө жогорку динамикасын мындан ары да сактоого болгон жалпы каалообузду ырастадык. Өткөн жылы эки өлкөнүн өкмөттөрү саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары активдештирүүгө, түрдүү тармактарда биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашырууга жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө негизделген багытын улантышты”, - деген Жапаров.
Ал 2023-жылдын январында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 1 миллиард доллардан ашуун эки тараптуу документтерге кол коюлганын саясий багыттагы орчундуу окуя деп атады.
Ошондой эле соода-экономика багытында оң тенденция бар экенин айтып, өз ара сооданын көлөмү жыл сайын тынымсыз өсүп жатканын билдирди. Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн түзүмүндө Өзбекстан 2023-жылы 4,4%ды, анын ичинде экспортто 8,8% жана импортто 3,3%ды түзгөн.
“Кыргыз-өзбек мамилелеринин ортосундагы бардык биргелешкен пландар жана инвестициялык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып жатканы кубандырат, биз биргелешкен ишибиздин жакшы жылыштарын жана натыйжаларын көрүп жатабыз. Жакын арада Чүй облусунда автоунаа жана коммерциялык жабдууларды чыгаруучу заводдун расмий ачылышы күтүлүүдө. Биздин өлкөлөр Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, "Камбар-Ата-1" ГЭСин, Чаткал ГЭСин куруу жана башка биргелешкен башка ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду ырааттуу түрдө ишке ашырууда”, - деп айткан Акылбек Жапаров.
Жапаров маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, анын ичинде быйыл Өзбекстанда пландаштырылган Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнүн, ЖОЖдор аралык байланыштарды, медициналык уюмдардын түз байланыштарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалаган.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн ар тараптуу деңгээлин белгилеп, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, "Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырастады.
“Өзбекстан Кыргызстан менен тыгыз жана конструктивдүү кызматташууга дайым даяр”, - деген Абдулла Арипов.
Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюу аземи болду.