
Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө шек жараткан жайлар текшерилип, 50 кыз аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Ленин РИИБинен билдирди.
Милиция билдиргендей, борбор калаанын аймагында 12-апрелден 12-майга чейин "Притон-Көпөлөк" аталышындагы рейд өткөрүлүп жатат. Иш-чара алкагында, сексуалдык кызмат көрсөткөн кыздар иштеши мүмкүн болгон сауналар, мейманканалар, ижарага алынган батирлер текшерүүгө алынууда.
Текшерүү иштери башталгандан бери 50 кыз милицияга жеткирилип, сүрөткө тартылып, манжа издери алынган. Алар түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.
Ошондой эле милиция интим кызматын көрсөткөн жана көмөктөшкөн жарандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.