БШК Баткен округундагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, 3-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Баткен округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Боршайкомдон билдиргендей, Баткен округунда 25,30 пайыз шайлоочу (28 508 адам) добуш берди. Жыйынтыгында Бактыяр Калпаев 11 миң 830 шайлоочунун добушуна ээ болуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп катталды.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Кыргызстандын Ош, Баткен, Кара-Суу бир мандаттуу округдарында парламентке кезексиз шайлоо өттү. Добуш берүүнүн соңку жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан