Кыргызстандык мушкерлер Амантур Жумаев жана Зафарбек Камилов Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, бокс боюнча 2006-2007-жылкы жаштар арасындагы мелдеш азыркы учурда Астана шаарында өтүп жатат.
Амантур Жумаев 54 килограмм салмак чен бирдигинде 1/8 финалдык баскычта түркмөнстандык спортчуну, 1/4 финалда тажик мушкерин, жарым финалда монгол спортчусун артта калтырды.
6-май күнү чечүүчү финалдык беттеште өзбекстандык Собиржон Тастанов менен күч сынашат.
51 килограммга чейинки салмакта Зафарбек Камилов 1/8 финалдык баскычта тажикстандык, андан кийин ирандык мушкерди жеңди. Жарым финалда монгол мушкерин артта калтырды. Ал эми финалда индиялык спортчу менен кез келет.
Мындан сырткары 48 килограммга чейинки салмакта Ясур Таалайбек уулу коло байгенин ээси болду.