Бишкекте "боди массаж" деп интимдик жайды иштетүүгө шектелип 25 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте көмүскө сойкукана уюштурууга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Панфилов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде боди массаждын атын жамынып сойкукана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
"Көрсөтүлгөн даректе акчалай сыйлыкка интимдик кызмат көрсөтүлүп келгени белгилүү болду. Ошондой эле аталган көмүскө жайдын Н. аттуу уюштуруучусу түшкөн сумманын 50 пайызын алып жүргөнү аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишин уюштурууга шектелип, 1999-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан