Зеленський Орусиянын Су-25 учагы атып түшүрүлгөнүн билдирди

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Су-25 аскердик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленський 5-майда кечки кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, учак Донецк облусунун үстүнө кулаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, бул 2022-жылдын февралында башталган орус-украин согушу башталгандан берки 349-орусиялык учак. Акыркы жолу Киев өткөн айдын ортосунда орус аскер учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирген - анда кеп Ту-22М3 бомбалоочу учагы тууралуу болгон.

Орус тарап аскердик учактын атып түшүрүлүшү боюнча комментарий бере элек.

Ошондой эле Зеленський Днепропетровск, Одесса жана Харьков облустары үзгүлтүксүз аткыланганын, учкучсуз учактар ​​менен ракеталар абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнүн билдирди.

"Бүгүн эртең менен гана биздин жоокерлер 13 жанкечтини атып түшүрдү. Бир сутка ичинде орусиялык күчтөр ар кандай типтеги сегиз ракетаны жана башкарылуучу 70ке жакын бомбаны колдонду", - деди украин президенти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан