Өлкөдө 1-майдан тарта мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 388,8 миңге жетти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Билдиргендей, жөлөк пул алуучулардын 278,8 миңин балдар түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 44,9 миңге азайган.
"Эмгек акынын жана калктын кирешесинин жогорулашына байланыштуу "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган балдардын саны азайды", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик аталган жөлөк пулдун орточо өлчөмү 1 392 сом экенин белгиледи.