"Бишкекке барам". Сузакта 62 жаштагы Иманалы дайынсыз жоголду

Сузак районундагы үйүнөн "Бишкекке барам" деп чыгып кеткен Иманали Абдимаминов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, ал 25-апрель күнү саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарынан Бишкек шаарына барам деп чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Учурда Абдимаминов Иманали Козубаевичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү кемзир, ичинде кара түстөгү жемпир, кара спорттук шым жана бутунда ак түстөгү кроссовкачан болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Абдимаминов Иманали Козубаевич тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөндөгү телефон номурлар аркылуу кабарласаңыздар болот Тел.: 102, (03722) 5 28 31, 0504 48 49 44.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан