Бишкекте бир жаранды тоноого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-майда милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 29-апрель күнү бейтааныш адамдар Сыдыгалы көчөсүнөн 50 миң сом турган iPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун жана 12 миң сом накталай акчасын тартып алганын айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1998-жылы туулган Д.Д., 1999-жылы туулган Ф.А. жана 1995-жылы туулган Ч.Д. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.