Коңшу Казакстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчилигинин кеңешчиси Сакен Мамаштын жубайы Карина Мамаш күйөөсү 10 жылдан бери тынымсыз үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал "Не молчи.kz" зомбулукка каршы коомдук фондуна билдирген.
Ал 5-майда күйөөсү үйүнө келген жубайынын эжесине дагы кордук көрсөткөндөн кийин бардыгын коомчулукка чыгарууга мажбур болгонун билдирген.
"Мен 10 жылдан бери зордук-зомбулукка кабылганымды билдирем. Мага жасаган бардык кордугу үчүн жолдошум дипломатиялык макамынан ажыратылып, түрмөгө отургузулушун каалайм", - деген ал.
Бул билдирүүдөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров дипломат Казакстанга чакыртылганын, эми анын иши менен укук коргоо органдары алектенерин билдирген.