"Дос мамлекеттер гана". Москвадагы парадга кайсы өлкөнүн президенттери чакырылды? (тизме)

9-майда Москвада өтө турган Жеңиш парадына Орусияга дос мамлекеттердин президенттери жана дипломаттары гана чакырылды. Бул тууралуу орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Ушаковдун айтымында, парадга КМШ түзүмдөрүнүн, ЖККУнун, ЕАЭБдин, ШКУнун жетекчилери, дос мамлекеттердин элчилери жана аскер атташелери чакырылган. Иш-чарага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын президенттери да катышат. Кубанын, Лаостун жана Гвинея-Бисаунун башчылары да өзүнчө чакырылган.

Орус президентинин жардамчысы 9-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Москвада болбой турганын белгиледи.

Параддан кийин чет элдик коноктор Белгисиз аскердин күмбөзүнө биргелешкен гүл коюу аземине катышат. Андан соң Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путиндин атынан делегация башчылары үчүн кабыл алуу уюштурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан