Бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Мухаммадазиз Закиров Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда 2-орунду ээледи.
Мушкер 80 килограммга чейинки салмакта катышып, 1/4 финалдык баскычта кореялык Парк Дам Хьонду утту. Ал эми жарым финалдык беттеште индиялык Сахилдди аттуу мушкерди жеңди.
Алтын медаль үчүн беттеште казакстандык мушкер Мадияр Бексултановго 4:1 эсебинде жеңилип, жыйынтыгында күмүш медалга ээ болду.
Кечээ, 6-майда Амантур Жумаев дагы Азия чемпиондугунда күмүш
байге уткан.