Түркиянын Изник шаарында 13-кылымда шаарды алуу үчүн салгылашууларда курман болгон кыргыз жоокерлеринин элесине арналган салттуу маданий иш-чара өтөт. Бул боюнча өлкөнүн Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Ага ылайык, иш-чара 19-майда саат 11:00дө Изникте болот.
Иш-чара Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына карата уюштурулуп жатат.
Элчилик мекендештерди аталган иш-чарага катышууга чакырат.