Борбордо "Тазалык" ишканасынын жаңы техникалары көрсөтүлдү (сүрөт)

Бишкек мэриясы 3-майда калаа көчөлөрүн жууй турган 4 унаа сатып алганын маалымдаган. Бүгүн, 7-майда аталган техникалар көрсөтүлүп, шаар мэри Айбек Жунушалиев орун басары Рамиз Алиев менен биргеликте тесттик режимде техникалардын иштешин текшерди.
Мэриядан кабарлашкандай, жууп-тазалоочу машина көчөлөрдү тазалоого жана жолдорду, тротуарларды таза кармоого арналган. Ал ар кандай таштандылар, чаң, кир жана башка булгоочу заттар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берген жууп жана шыпыруу функцияларына ээ.
Мэрия жакынкы 2-3 айдын ичинде муниципалитет тарабынан бөлүнгөн каражатка 100дөн ашык атайын техника сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан