"Ийнеликтин, бактын элесин чагылдырган көйнөктөр". Нью-Йоркто "Мода баллы-2024" кечеси өттү

Бүгүн, 7-майга караган түнү Нью-Йорк шаарында дүйнөдөгү эң чоң деңгээлде боло турчу "Мода баллы-2024" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кечеге дүйнөнүн белгилүү жылдыздары чакырылган. Аталган кече жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жылы кеченин концепциясы "Уктап жаткан сулуулар: мода ойгонот", ал эми дресс-код "Убакыт бакчасы" деп аталган.

Бул салтанаттуу кече 1948-жылдан бери уюштурулуп келет, аны мода публицисти Элеонор Ламберт негиздеген. Ал аталган баллдын жардамы менен жаңы түзүлгөн искусство музейине акча чогултууну каалаган. Ошол жылдан тартып бул иш-чара салтка айланган.

Мындай өзгөчө кечеге кирүүнү каалагандардын чөнтөгүндө 40 миң доллар акчасынын болуусу, жана алар бир канча талаптарга жооп бериш керек.

Ал эми бул жылы "Мода баллы-2024" кечесине катышкан дүйнө жылдыздарынын көйнөктөрү жылдагыдан өзгөчө экенин мода сүйүүчүлөрү айтышкан. Алардын айрымдарына токтолуп өтсөк:

Модель Кендалл Дженнер 25 жыл мурда тигилген көйнөктү кийип келген.

Ал эми модель Гиги Хадид кызыл килемге сары түстөгү гүлдөр кадалган, ак көйнөк менен келген.

Ланы Дель Рей бакты чагылдырган өзгөчө образды тандаган.

Актриса Харрисон Ги көпөлөктүн, ийнеликтин элесин чагылдырган көйнөк кийүүнү каалаган.

Мындан тышкары бир катар жылдыздар өзгөчө образдары менен келишкен. Алдардын сүрөттөрү менен бөлүшсөк:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан