Дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды. Кыргызстан канчанчы орунда?

Америкалык Global Finance журналы жарыялаган жакырчылыктын деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн акыркы рейтингине ылайык, Кыргызстан 48-сапка жайгашты.

Эл аралык валюта корунун маалыматтарынын негизинде каржы талдоочу Лука Вентура түзгөн рейтинг уникалдуу индекстөө системасын колдонот. Тизменин башында жакырчылыктын деңгээли жогору өлкөлөр, ал эми эң ылдыйда эң өнүккөн өлкөлөр турат.

Рейтингде Борбор Азия өлкөлөрүнүнүн ичинен Казакстан эң жакшы көрсөткүчтү көрсөтүп, 128-орунда турат. Ага эң жакын Түркмөнстан 101-орунда турат. Өзбекстан 67-сапта, ал эми эң жакыр Борбор Азия өлкөсү Тажикстан болуп, 43-орунга катталган.

Казакстанда ички дүң продукциясынын жана сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритетинин (ИДП-ППП) жан башына үлүшү 34 миң 534 долларды түзөт, бул Тажикстанга (5 832), Кыргызстанга (6 790) жана Өзбекстанга (10 миң 936) караганда кыйла жогору. Казакстан ошондой эле Украина, Вьетнам, Азербайжан, Бразилия, Кытай жана Беларусь сыяктуу өлкөлөрдөн алдыда.

Рейтингде Орусия ИДП-ПППнын жан башына үлүшү боюнча 38 миң 292 доллар менен 125-орунда турат.

Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрү - 2024

Rank Өлкө/Аймак ИДП-ППП жан башына ($)
1 Түштүк Судан 455
2 Бурунди 916
3 Борбордук Африка Республикасы 1,123
4 Конго демократиялык республикасы 1,552
5 Мозамбик 1,649
6 Нигер 1,675
7 Малави 1,712
8 Либерия 1,882
9 Мадагаскар 1,979
10 Йемен 1,996
11 Сомалия 2,062
12 Сьерра-Леоне 2,189
13 Чад 2,620
14 Соломон Аралдары 2,713
15 Мали 2,714
16 Буркина Фасо 2,781
17 Того 2,911
18 Вануату 2,939
19 Зимбабве 2,975
20 Гамбия 2,993
21 Гаити 3,108
22 Лесото 3,227
23 Гвинея-Бисау 3,239
24 Уганда 3,345
25 Гинея 3,366
26 Руанда 3,367
27 Судан 3,443
28 Комор аралдары 3,532
29 Папуа Жаңы Гвинея 3,534
30 Кирибати 3,614
31 Танзания 3,746
32 Тимор-Лесте 3,767
33 Эфиопия 4,020
34 Сан-Томе жана Принсипи 4,238
35 Замбия 4,361
36 Бенин 4,558
37 Сенегал 4,661
38 Микронезия 4,691
39 Конго Республикасы 4,740
40 Камерун 4,842
41 Непал 5,032
42 Мьянма 5,203
43 Тажикстан 5,832
44 Тувалу 6,056
45 Маршал аралдары 6,313
46 Нигерия 6,340
47 Самоа 6,721
48 Кыргыз Республикасы 6,790
49 Пил тиши жээги 6,860
50 Пакистан 6,955
51 Кения 6,976
52 Ангола 7,153
53 Гана 7,156
54 Тонга 7,462
55 Гондурас 7,503
56 Мавритания 7,680
57 Жибути 7,707
58 Никарагуа 8,137
59 Камбожа 8,287
60 Венесуэла 8,486
61 Бангладеш 9,416
62 Индия 10,123
63 Лаос ПДР 10,242
64 Кабо Верде 10,304
65 Боливия 10,693
66 Науру 10,823
67 Өзбекстан 10,936
68 Марокко 10,947
69 Гватемала 11,006
70 Белиз 11,320
71 Ирак 11,937
72 Намбия 12,008
73 Филиппиндер 12,192
74 Иордания 12,402
75 Сальвадор 12,561
76 Eswatini 12,637
77 Ямайка 13,543
78 Тунис 13,645
79 Эквадор 14,485
80 Доминика 15,280
81 Украина 15,464
82 Вьетнам 15,470
83 Бутан 15,978
84 Парагвай 16,291
85 Түштүк Африка 16,424
86 Алжир 16,483
87 Монголия 16,504
88 Перу 16,631
89 Косово 16,775
90 Индонезия 16,861
91 Палау 17,381
92 Фижи 17,403
93 Мысыр 17,614
94 Молдова 17,902
95 Экватордук Гвинея 18,378
96 Суринам 18,928
97 Сент-Винсент жана Гренадин аралдары 19,196
98 Азербайжан 19,328
99 Габон 19,452
100 Сент-Люсия 19,718
101 Түркмөнстан 19,729
102 Колумбия 19,770
104 Ботсвана 20,097
105 Барбадос 20,592
105 Босния жана Герцеговина 20,623
106 Албания 20,632
107 Бразилия 20,809
108 Иран Ислам Республикасы 21,220
109 Армения 21,746
110 Гренада 21,799
111 Түндүк Македония 22,249
112 Тайланд 23,401
113 Кытай 25,015
114 Грузия 25,248
115 Беларус 25,685
116 Мексика 25,963
117 Аргентина 26,390
118 Ливия 26,456
119 Доминика республикасы 27,120
120 Антигуа жана Барбуда 27,309
121 Сербия 27,985
122 Коста Рика 28,558
123 Монтенегро 29,696
124 Уругвай 30,170
125 Чили 31 005
126 Маврикий 32,094
127 Тринидад жана Тобаго 32,685
128 Казакстан 34,534
129 Болгария 35,963
130 Малдивдер 37,433
131 Орусия 38,292
132 Сент-Китс жана Невис 38,870
133 Малайзия 39,030
134 Оман 39,859
135 Греция 41,188
136 Латвия 41,730
137 Сейшел аралдары 43,151
138 Румыния 43,179
139 Пуэрто Рико 43,219
140 Tүркия 43,921
141 Словакия Республикасы 44,081
142 Панама 44,797
143 Эстония 45,122
144 Венгрия 45,692
145 Хорватия 45,702
146 Багам аралдары 46,524
147 Португалия 47,070
148 Польша 49,060
149 Чех Республикасы 50,475
150 Литва 50,600
151 Испания 52,012
152 Кувейт 52,274
153 Словения 53,287
154 Жаңы Зеландия 53,797
155 Жапония 54,184
156 Аруба 54,716
157 Израиль 55,533
158 Италия 56,905
159 Кипр 58,733
160 Бириккен королдук 58,880
161 Корея 59,330
162 Франция 60,339
163 Канада 60,495
164 Финляндия 60,851
165 Бахрейн 62,671
166 Австралия 66,627
167 Германия 67,245
168 Малта 67,682
169 Белгия 68,079
170 Андора 69,146
171 Швеция 69,177
172 Австрия 69,460
173 Сауд Арабиясы 70,333
174 Исландия 73,784
175 Голландия 74,158
176 Гонконг SAR 75,128
177 Тайвань 76,858
178 Бруней Даруссалам 77,534
179 Дания 77,641
180 Гайана 80,137
181 Норвегия 82,832
182 Америка Кошмо Штаттары 85,373
183 Сан Марино 86,989
184 Швейцария 91,932
185 Бириккен Араб Эмираттары 96,846
186 Катар 112,283
187 Сингапур 133,737
188 Ирландия 133,895
189 Макао SAR 134,141
190 Люксембург 143,743

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан