Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды 

Бүгүн, 7-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атуу болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажикстандын жарандарын – малчыларды байкаган.

Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.

Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажикстандын жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан.

"Чабандардын бири Кыргызсандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында Кыргыз чек арачылары асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен", - деп билдиришти УКМКдан.

Кыргыз чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок.

Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутунан жаракат алган.

Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз.

Чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болору күтүлүүдө.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жагдай туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-05-07 20:29:00
Ит аткандай эле атып салгылачы ушул тынчтыкты каалабаган жакшылыгы жокторду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан