Бүгүн, 21-декабрда, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде үчүнчү республикалык жаш дизайнерлердин сынагынын финалы өттү. «Сынак 18-декабрда башталган. Жалпысынан 110 коллекция көрсөтүлдү. Алардын ичинен эң мыкты 25 коллекция финалга өттү»,- деп билдирди сынактын уюштуруучусу, КГУСТАнын «Костюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасынын жетекчиси Дамира Айтыкеева.
Калыстар тобуна Кыргызстандагы белгилүү дизайнерлер Мадина Тапаева, Замира Молдошева, Айдай Асангулова жана «Бишкекчанка» журналынын редактору Бактынур Абдиева кирди. Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, КГУСТАнын администрациясынын өкүлдөрү жана шоу-бизнестин жылдыздары сынактын ардактуу коноктору болушту. Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду КГУСТАнын 3-курсунун студенттери Айгерим Бакытбекова жана Арслан Урдалетов «Назад в будущее» аттуу кийимдер жыйындысы менен багынтышты.
«Жеңүүчүнү аныктоо жеңил болгон жок. Себеби ар бир жыйынды терең мааниге ээ, ар бир костюм өзгөчө кызыктуу болду. Бул - Кыргызстандагы дизайнерлик искусствосунун деңгээлинин ѳсүшү»,- деп кабарлады белгилүү дизайнер Замира Молдошева. Ал эми Анжелика сынак тууралуу «Биздин жаш дизайерлердин фантазиясы бай экени мени абдан кубандырды. Биз ар дайым колдонгон жөнөкөй материалдардан ушунчалык укмуштуу, сонун көйнөктөрдү ойлоп табуу бул - дизайнерлердин талантынын жана алардын ийгиликтүү перспективасынын белгиси» деген оюн билдирди.
Жеңүүчүлѳр Айгерим Бакытбекова менен Арслан Урдалетовдун айтымы боюнча, бул сынак аларды абдан шыктандырган. «Биз мындан ары да жаңы идеяларды ишке ашырууга аракет кылабыз. Бүгүнкү биздин жеңишибиздин сыры - адамгерчилик жана кайтпоочулук» деп билдиришти бир ооздон.