Украинанын Коопсуздук кызматы Зеленскийге кол салууга аракет кылгандарды кармады

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Украинанын президенти Володимир Зеленськийди жана өлкөнүн жогорку аскердик-саясий жетекчилигинин башка өкүлдөрүн жок кылуу пландары ишке ашпай калганын жарыялады. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.

Украинанын Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын эки полковниги мамлекетке чыккынчылык кылган жана теракт жасоого шериктеш болгон деген айып менен кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмышка шектүү делинген буюмдар жана документтер табылган. Кармалгандардын экөө тең камакка алынды.

"Чалгындоо кызматы Украинанын президентин жана жогорку аскердик-саясий жетекчиликтин башка өкүлдөрүн жок кылуу пландарын жокко чыгарышты. Пландарды Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгынын жетекчилигинин жардамы менен Москва ишке ашырышы керек болчу. Ошентип душмандар президент Володимир Зеленськийди жок кылуу пландарын активдүү иштеп жаткан.

Кармалгандар Зеленськийден тышкары Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкту, Башкы чалгындоо кызматынын башчысы Кирилл Будановду жана башка жогорку даражалуу чиновниктерди жок кылууну пландаган", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Өткөн айда дагы Польшанын жана Украинанын прокурорлору Орусиянын Зеленскийди өлтүрүү планына көмөктөшкөн деп шектелген адам кармалганын жарыялашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан