Бүгүн, 8-майга караган түнү Париждеги "Парк де Пренс" стадионунда өткөн Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда дортмунддук "Боруссия" франциялык ПСЖ клубун 0:1 эсебинде утуп алды.
Беттештин тагдырын 50-мүнөттө сары кийимчендердин борбордук коргоочусу Матс Хуммельс киргизген жалгыз гол чечти. Эске сала кетсек, бул командалардын ортосундагы биринчи беттеш да 1:0 эсебинде "Боруссиянын" жеңиши менен аяктаган.
Муну менен "Боруссия Дортмунд" Чемпиондор Лигасынын биринчи финалисти болуп калды. Эми алар финалда бүгүн ойной турган "Реал Мадрид" - "Бавария" жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.
"Боруссия" өз тарыхында үчүнчү жолу Чемпиондор Лигасынын финалында ойнойт. Германиялык клуб буга чейин мелдештин бул баскычына 2013 жана 1997-жылдары жеткен.