Мухаммад пайгамбардын 37-урпагы Умар ибн Хафиз Бишкекке келди

Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) 37-урпагы болгон Умар ибн Хафиз Бишкекке келди. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.
Дин аалымы кечээ, 7-майда борбор калаадагы Имам Сарахсий башкы мечитинде шам намазын окуп, калаа тургундары менен жолугушкан.
"Ал Йемендин Хадрамаут аймагындагы Тарим шаарында 1963-жылы 27-майга туура келген (1383-жылы 4-мухаррам, дүйшөмбү) күнү төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Ыйык Куранды жаттап, атасынын колунда илим, ыйман жана кооз адеп-ахлак чөйрөсүндө эрезеге жеткен. Учурда дүйнө жүзүн кыдырып, исламий сукпаттарды өткөрүп келет", - деп айтылат муфтияттын маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан