Биз социалдык тармакта

Кесиптик лицейлердин директорлук орундарына сынак жарыяланды

Кесиптик лицейлердин жана колледждердин директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта документтерди кабыл алуу кечээ, 7-майда башталып, 20-майга чейин уланары айтылат.
Кесиптик лицейлердин жетекчилерине коюлган талаптар:
  1. жогорку кесиптик билиминин болушу;
  2. билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  3. Кыргызстандын жарандыгы;

Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  1. Өздүк арыз;
  2. Жарандык паспорттун көчүрмөсү;
  3. Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дареги жана телефондорун көрсөтүү менен);
  4. Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
  5. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  6. Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
  7. Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
  8. 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
  9. Белгиленген окуу жайды өнүктүрүү боюнча перспективалык иш планы.
  10. Дело №.
Документтерди кабыл алуу төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет.
Толук маалымат шилтеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан