Кадамжай районунда Майдан айылындагы №39 жана Калтак айылындагы №48 административдик аймактарына милициянын аймактык бөлүмдөрү ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Баткен ОИИБинин башчысы Улан Жукенов, Кадамжай районунун акими Болоткан Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш бөлмө, эс алуучу жана жуунучу жайлары менен курулган заманбап эки имарат керектүү бардык кеңсе жабдыктары менен жабдылып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн баштады.
Курулушка жардам берген жарандарга ИИМдин жана Баткен ОИИБинин сыйлыктары тапшырылды.