Бишкекте Казак улуттук хореография академиясынын студенттери концерт берди

Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Казак улуттук хореография академиясынын студенттеринин концерти өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, концертке маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Казак улуттук хореография академиясынын ректору Бибигуль Нусипжанова катышып, сөз сүйлөп, ыраазычылыктарын билдиришти.
"Кечеде коңшу өлкөдөн келген таланттуу жаш бийчилердин аткаруусунда классикалык, заманбап жана улуттук репертуардагы хореографиялык номерлер тартууланып, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Казак улуттук хореография академиясы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Ал хореография тармагында көп деңгээлдүү билим берүү программасынын толук цикли менен билим берген Борбордук Азиядагы биринчи окуу жай болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан