Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда BMW 740 үлгүсүндөгү унааны мамлекеттик белгисин жаап алып айдап жүргөн жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Чүй ЖКККБнан билдиришти.
Жазылган маалыматка ылайык, айдоочуга укук бузуулар Кодексинин 182-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 10 000 сом айып пул салынды.
Чүй ОИИББи боюнча ЖКККБы айдоочуларга мамлекеттик белгини жаап жүрүүгө болбой турганын эскертет.