Дүкөндөрдө сүттүн баасы ошол бойдон калып, региондордо баа түшүп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев парламенттин бүгүн, 8-майдагы жыйынында айтты.
"Акылбек Тогузбаевич туура айтты, сүттүн баасы региондордо 25-29 сомго түшүп кетти. Бүгүнкү элдин кайрылуусу "эмне үчүн сүттүн баасы бизде түшөт, бирок дүкөндөрдө ошол эле баа?" деген маселе болуп жатат. Антимонополияга протоколдук тапшырма берсек, бир карап чыкса. Бул Жогорку Кеңештин эмес, өкмөттүн маселеси болчу. Бирок элдин баары Жогорку Кеңешке кайрылып жатат. Ушуну бир күн тартибине киргизип карасак", - деди ал.