Бүгүн, 8-майда Бишкек шаарында саат 11лер чамасында Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде "Тез жардам" кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиргендей, кырсык "Тез жардам" унаасы Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй бара жатканда орун алган. Анда Тыныстанов көчөсүнө бурулуп, каршы багытта келе жаткан Toyota үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок, бирок материалдык чыгым келтирилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.