Айдарбеков парламентте аялдарга карата зомбулукту талкуулоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламентте кыз-келиндерге жана балдарга карата зоомбулук темасында талкуу уюштурууну сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү бүгүн, 8-майдагы жыйында билдирди.

"Коомдо абдан коркунучтуу жана кооптуу окуялар болуп жатат. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун көбөйгөнүн баарыбыз эле көрүп турабыз. Жакында эле бир эркек аялды чачынан сүйрөп, автоунаага түртүп жаткан видео пайда болду. Ага чейин деле үй-бүлөгө, ымыркайларга, балдарга карата канча зордук-зомбулук болду", - деди Айдарбеков.

Ошондой эле эл өкүлү аялдарга карата физикалык жана психологиялык жактан зомбулук болуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары кыргыз элинин тарыхына кайрылып, буга чейин зомбулук өтө сейрек кездешкенин, аялдарга болгон сый-урмат жогору болгонун айтып өттү.

"Кыргыз элибизде, тарыхыбызда, үрп-адатыбызда мындай нерселер жок эле. Өтө сейрек кездешкен. Азыр болсо зомбулукка кабылган аялдар укук коргоо органдарына байма-бай кайрылып башташты", - деди эл өкүлү.

Депутат укук коргоо органдары менен биргеликте бул маселелерди күн тартибине коюп, талкуулоону сунуштады.

08.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан