Жогорку Кеңешке жаңы шайланып келген үч депутат "Мекенчил" депутаттык тобунун курамына киришти. Бул тууралуу бүгүн, 8-майдагы парламент жыйынында эл өкүлдөрү өздөрү маалымдашты.
Алар бир мандаттуу №2 Баткен шайлоо округунан шайланган Бактыяр Калпаев, №9 Кара-Суу округунан Илимбек Кубанычбеков жана №7 Ош округунан келген Бекмурза Эргешов.
Белгилей кетсек, парламентте 5 фракция - "Ата Журт-Кыргызстан", "Ынтымак", "Ишеним", "Альянс", "Ыйман нуру", "Бүтүн Кыргызстан" жана бир мандаттуу округдардан шайланган эл өкүлдөрүнөн куралган "Элдик" жана "Мекенчил" депутаттык топтору бар.