"Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Бүгүн, 8-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды.

Сыдыков белгилегендей, анда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамындагы мөөрлөргө жана документтердин бланктарына мамлекеттик гербди коюунун тартибин жөнгө салуу, 11-беренедеги "мамлекеттик нотариалдык конторалардын" деген сөздөрдү "нотариустардын" деген сөзгө алмаштыруу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан