Ысык-Көлдөгү Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Бүгүн, 8-майда Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункттун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ФАПтын жаңы имаратын быйыл август айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышты.
"Имараттын курулушу “Ас-Сафа” ККФнын каржылык колдоосу менен башталды. Ал бардык керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан