Бишкекте дүкөндө уурулук кылууга шектүү кармалды

Бишкекте дүкөндөрдүн биринен уурулук кылууга шектүү жаран кармалды. ИИМдин Күзөт кызматынан билдиргендей, окуя 3-майда болгон.

Анда Ведомстволук милиция полкунда кайтаруусунда турган дүкөндөн «айгай» белгиси берилген. Аталган дарекке полктун кармоо тобу жетип барган.

"Кармоо тобунун кызматкерлери болжол менен 20-25 жаштардагы азиат улутундагы жигит дүкөнгө кирип, уурулук жасоого аракет кылганын аныктаган. Уурулук болгон учурда ал жерде дүкөндүн кызматкерлеринин бири болгон. Ал урууну кармоого аракет кылган, бирок ал кол көтөрүп каршылык көрсөтүп, дүкөндүн кызматкеринин телефонун тартып алып, терезеден качып кеткен" деп айтылат маалыматта.

Шектүү Бишкек шаарындагы базарлардын биринен кармалды. Ал 2008-жылы туулган Ош облусунун тургуну болгон. Шектүү Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан