№36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн үч жаран арыз берди. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматта билдиргендей, депутат болууга ниетин эң алгач Атабек Мазымканов 3-майда билдирген, учурда талапкерлердин саны үчкө жетти. Алар: Атабек Мазымканов, Бактыбек Момбеков жана Жакшылык Мукамбетов.
Белгилей кетсек, Ноокат менен Ысык-Көлдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнда өтөт. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Жусупбек Коргонбай уулу менен Максатбек Сарбагышевдин мандаттарын тапшырганы үчүн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөт.