Бишкектеги №72 гимназия-мектебинин окуучу кыздары мушташып, бир кыз жабыркады. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ленин РИИБинен тастыкташты.
Милициядан билдиргендей, 27-апрелде Э.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган кызын сабаган эки кызга чара көрүүнү суранган.
Бул факты маалыматтар журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
"Мушташка эки жашы жете элек өспүрүм катышканы аныкталып, калгандары карап турганын видеокөзөмөл камерасына тартылган кадрдан көрүнүп турат", - деп айтылат маалыматта.